22:49 08 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Государственный переворот в Турции

ЖМК: Түркиянын башкы штабы бийликти басып алганын маалымдады

© REUTERS / MURAD SEZER
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракети (65)
112 0 0

Түркиянын премьер-министр Бинали Йылдырым аскерий топ аларга берилген укуктарды жана курал-жаракты колдонуп "мыйзамсыз аракеттерди кылууга аракеттерди көргөнүн" белгиледи.

БИШКЕК, 16-июл.— Sputnik. Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы өлкө бийлиги алардын колуна өткөнүн билдиргенин өлкөнүн NTV каналы билдирди. Учурда Башкы штабдын сайты ачылбай жатат.

Буга чейин өлкөнүн премьер-министр Бинали Йылдырым аскерий топ аларга берилген укуктарды жана курал-жаракты колдонуп "мыйзамсыз аракеттерди кылууга аракеттерди көргөнүн" белгилеген.

Ал эми башка ЖМКлар президент Тайип Эрдоган коопсуз жайда экенин, ал эми Башкы штабдын жетекчиси Хулуси Акара туткунга алынганын маалымдашууда.

Түркиянын полициясы Стамбулдагы Босфор кысыгы аркылуу салынган көпүрөнүн Азияга жана Европага өткөн тарабын жапкан. Ошондой эле Анкарада аскер учактары менен тик учактары учуп жүргөнү айтылууда. DHA маалымат агенттиги Түркиянын башкы штабынын имаратына көп сандагы тез жардам машиналары келип жатканын билдирди. Ошондой эле Түркиянын чалгындоо уюмунун аймагында тик учактан ок чыгарылганы айтылууда. Коопсуздук кызматы менен Анкаранын полициясы шашылыш жумушка чыкканын айрым ЖМКлар жазышууда. Ал эми Стамбулдагы "Ататүрк" аба майданы тарапта танкалардын жүргөнүн телеканал NTV маалымдады.

Тема:
Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракети (65)
Белгилер:
мамлекеттик төңкөрүш, Түркия

ЭҢ МААНИЛҮҮ