Зика вирусу эми жыныстык катнаш аркылуу да жугуп баштады

© REUTERS / MARIANA BAZOПробирка. Архив
Пробирка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ал чиркейлер аркылуу жугары маалым болчу. Бул вирус өзгөчө кош бойлуу аялдар үчүн коркунучтуу.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Зика вирусунун жыныстык катнаш аркылуу жуккан учуру биринчи жолу Испанияда аныкталганын РИА Новости El País гезитине шилтеме берүү менен билдирди.

Дарыгерлер: Зика менен ооругандар эки айга жакын бойго бүтүрбөй турушу керек
Бул дарт апрелде Бразилиядан келген аялдан табылган.

Испаниянын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө жалпысынан бул дартка чалдыккандардын саны 158ди түзөт. Алардын 21и кош бойлуу аялдар.

Буга чейин ал чиркейлер аркылуу жугары маалым болчу. Бул вирус өзгөчө кош бойлуу аялдар үчүн коркунучтуу.

Зика оорусу — маймылдардын курч инфекциялык илдети. Ал айрым учурда гана чиркейлер аркылуу адамга жуга турганы байкалган. Вирус көбүнесе кош бойлуулар үчүн өтө кооптуу, анткени ал түйүлдүктүн баш мээсине доо кетирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0