Окумуштуулар: жылдыздар жарнамалаган тамак-аш ден соолукка зыян

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМагазинеди кардар. Архив
Магазинеди кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөлөр теле жылдыздардын бирөөсү гана ден соолукка пайдалуу азыктарды жарнамалай турганын көрсөткөн.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Окумуштуулар америкалык теле жылдыздардын бардыгы ден-соолукка пайдасыз тамак-аштарды жарнамалай турганын аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости Pediatrics журналына шилтеме берүү менен жарыялады.

Изилдөөлөр теле жылдыздардын бирөө гана ден соолукка пайдалуу азыкты жарнамалай турганын көрсөткөн. 

"Дагы үч жылдыз таза суунун жарнамалык ролигине түшүшкөн. Калгандарынын бардыгы ден-соолукка өтө зыян азыктар менен ичимдиктерди пйдаланууга үгүттөшкөн", — деп билдирди Нью-Йорк университетинин окумуштуусу Мэри Брэгг. 

Брэгг жана анын кесиптештери акыркы 14 жылдын ичинде тартылган жарнамаларды карап чыгышкан. Азыктардын ичинен ден-соолукка пайдалуусу мисте гана болгон. Калгандарынын бардыгы ден-соолукту буза турган азыктар экендигин лабораториялык изилдөөлөр көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0