АКШда өлкөгө беш миңге чукул качкындын кирүүсүнө уруксат берилди

© AFP / CSABA SEGESVARIСириялык качкындар. Архив
Сириялык качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жонсон сириялык 7,9 миң качкындын өлкө аймагына кирүүсү үчүн коопсуздук боюнча текшерүүдөн өтүү керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. АКШнын бийлиги текшерүүдөн өткөн сириялык 4,7 миң качкындын өлкө аймагына кирүүсүнө уруксат берди. Бул туурасында РИА Новости Ички коопсуздук боюнча министр Жей Жонсондун айтканына таянып жазды. 

Анжелина Жоли: качкындарга гуманитардык жардам көрсөтө албай калдык
Президент Барак Обама Сириядан жылдын соңуна чейин 10 миң качкынды кабыл алууга убада берди.

Жонсон сириялык 7,9 миң качкындын өлкө аймагына кирүүсү үчүн коопсуздук боюнча текшерүүдөн өтүү керектигин белгиледи деп кабарлады Рейтер агенттиги.

10 миң качкынды кабыл алуу боюнча чечим өлкөдөгү жашоочулардын, анын ичинде республикачылардын арасында катуу нааразычылыкты жараткан. Былтыркы жылдын 13-ноябрында Париждеги болгон терактыдан кийин америкалык 50 штаттын 22синин губернатору сириялык качкындарды кабыл алуудан баш тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0