Адистер дарыга моюн бербеген рак менен күрөшүү жолун тапты

© Sputnik / Юрий Стрелец / Медиабанкка өтүүОперация бөлмөсү. Архив
Операция бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Молекулярдык биологдор зыяндуу клеткалардагы РНКнын (рибонуклеиндик кислота) өлчөмүн көбөйтүшкөн.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жоржиядагы технологиялык институттун изилдөөчүлөрү дарылоого туруктуу келген карын астындагы бездеги шишик менен күрөшүүнүн жолун тапты. Бул тууралуу Cancer Gene Therapy журналына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Автобуста бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: айымдар "бактылуумун", "сүйөм" деген сөздү көп колдонушат
Молекулярдык биологдор зыяндуу клеткалардагы РНКнын (рибонуклеиндик кислота) өлчөмүн көбөйтүшкөн. Алар гендердин активдүүлүгү менен дарыга моюн бербеген ооруларды жөнгө салат. 

Окумуштуулардын айтымына караганда miR-347b өлчөмүнүн көбөйүшү дарылардын шишикке таасир этүүсүнө шарт түзөт. 

МикроРНК — РНКнын молекулалары жөнгө салгыч кызматты аткарат. Алардын ар бири бир нече гендин активдүүлүгүн көзөмөлдөй алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0