05:04 09 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Кандидат на пост президента США от Республиканской партии Дональд Трамп

Трамп мигранттардын экинчи 11-сентябрды кайталарынан шек санабайт

© REUTERS / KAMIL KRZACZYNSKI
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
54 0 0

Трамп келечекте качкын макамын берүү боюнча маселеге өтө катуу жана олуттуу карай турганын айтты.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. АКШнын президенттигине Республикачылар партиясынан чыккан талапкер Дональд Трамп өлкөдөгү миграция 11-сентябрдагыдай кол салууга алып келерин жокко чыгарбай тургандыгын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Радиодогу эфир учурунда америкалык чек арачылардын кесиптик кошуунунан коомчулуктун чек арадагы коопсуздук боюнча пикирин "ойготуу" үчүн дагы бир 11-сентябрь керек деп ойлобойсузбу деген суроо түшкөн. Алардын суроосуна президенттикке талапкер "Ооба" деп жооп берген.

"Көп жаман нерселер болуп кетет. Биздин өлкөгө азыр келип жаткандар тарабынан кол салуу болот. Мен мындан шек санабайм", — деген Трамп. 

Ал келечекте качкын макамын берүү боюнча маселеге өтө катуу жана олуттуу карай турганын кошумчалаган. 

Талапкер Сириядан келген качкындарды кабыл алууга каршы экендигин айтты. 

"Биздин мамлекетте сириялыктардын агылып киришинен сырткары деле көйгөйлөр жетиштүү. Келип жаткандар сириялыктарбы же жокпу, аны биз биле албайбыз. Балким алар "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрүдүр", — деди ал. Трамп эфир учурунда аталган уюмдун ИГИЛ деп кыскартылган аталышын колдонду. 

Анын айтымында, АКШнын аймагына уюлдук телефонунда "Ислам мамлекетинин" символикасы түшүрүлгөн кишилер кирип жатат. 

"Алардын чөнтөк телефонунда "Ислам мамлекетинин" желеги турат. А биз аларга, бул кылыгың сонун экен, кире бер",— деп айтышыбыз керекпи деп суроо салды талапкер.

Трапм буга чейин качкындарды, алардын ичинен мусулмандарды кошмо штаттарынын аймагына киргизүүгө тыюу салып, Мексика менен чектешкен жерге дубал тургузуу идеясын көтөрүп чыккан.

Тема боюнча

Социолог: талапкер Трамптын мусулмандарды жек көрүүсү ага упай алып келди
Белгилер:
качкын, Мигрант, талапкер, "Ислам мамлекети" террордук тобу, Дональд Трамп, Мексика, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ