БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Окумуштуулар байыркы индеецтердин сакталып калган канынын анализдерине ылайык, Түндүк америкага европалыктардын келиши менен американын биринчи жашоочулары тукум курут болгонун далилдешти. Бул тууралу РИА Новости Science Advances басылмасына таянуу менен жазып чыкты.
Австралиянын Аделаиды университетинин окумуштуусу Бастиен Лламас жана анын командасы байыркы индеецтердин ДНКсын мумиялардан, сакталып калган сөөктөрдөн алып, изилдөө жүргүзүшкөн. Тыянакка ылайык, Түндүк Америкага европадан испандыктар жана башка улуттун өкүлдөрү келген убакытта жергиликтүү жашоочулар кыйроого учураган. Андыктан, окумуштуулар индеецтердин тукум курут болуусуна европадан келгендер күнөөлүү деген жыйынтыкка келишкен.
Изилдөөлөргө ылайык, индеецтер 16 миң жыл мурда жашап башташкан.