Окумуштуулар учукту тез арада айыктыруучу дары табышты

© Фото / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКөргөзмөдө. Архив
Көргөзмөдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юта университетинин окумуштуулары жүрөк илдетине каршы дарыны изилдеп жатып, анын учук оорусун тез арада жок кылууга мүмкүнчүлүгү бар экенин байкашкан.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. АКШдагы Юта университетинин окумуштуулары учукту тез арада айыктыруучу дары табышты. Бул тууралуу PNAS журналы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аталган окуу жайдын окумуштуулары жүрөк илдетине каршы дарыны изилдеп жатып, анын учук оорусун тез арада жок кылууга мүмкүнчүлүгү бар экенин байкашкан.

"50 жылдан бери журөк оорусуна каршы колдонуп келген дары тез арада учуктан арылтарын билип, баарыбыз таң калып турабыз", — дейт окумуштуу Санкар Сваминатан.

Учук — адам катуу корккондо, суукта калганда ооздун тегерегине чыгып, суу толгон ыйлаакча пайда болот. Бул ооруга каршы вакцина жок. Вирусту биротоло өлтүрүүчү дары-дармектер да колдонууда жок. Болгону, вирустун көбөйүп, активдүү болуп кетишин жана ооруну басуучу дары-дармектер гана бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0