"Локомотив" – "Фенербахче" беттешүүсүн 2 миңге чукул кызматкер кайтарат

© AFP / STR 2016-жылы 16 февраль күнү болгон "Локомотив" жана Түркиянын "Фенербахче" футбол командаларынын беттешүүсү. Архив
2016-жылы 16 февраль күнү болгон Локомотив жана Түркиянын Фенербахче футбол командаларынын беттешүүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европа лигасындагы 1/16 финалында футболдук беттешүү Москва шаарында "Локомотив" стадионунда бүгүн кечки саат жетиде өтөт.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Москва полициясы аталган борбор шаардын "Локомотив" жана Түркиянын "Фенербахче" футбол командаларынын бүгүнкү беттешүүсүндө коопсуздукту сактоо үчүн эки миңге чукул кызматкерди тартат. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин Москва шаардык башкармалыгынан билдиришти деп жазды РИА Новости

Европа лигасындагы 1/16 финалында футболдук беттешүүсү "Локомотив" (Москва, Россия) жана "Фенербахче" (Стамбул, Түркия) командаларынын ортосунда бүгүн кечки саат жетиде Локомотив стадионунда өтөт.

"Футболдук оюн учурунда коопсуздукту сактоо үчүн беттеш өткөн жана ага жакын жайгашкан аймактарды полициянын, ички аскерлердин жана күзөт уюмдарынан эки миңге чукул кызматкери кайтарып турат", — деп айтылат билдирүүдө. 

Командалардын биринчи беттешүүсү өткөн аптада Стамбулда болуп, 2:0 эсебинде түркиялыктардын пайдасына аяктаган. 

"Фенербахченин" пресс-атташеси "Р-Спортко" виза маселелеринен улам, матчка Түркиядан бир дагы фанат учуп келбей тургандыгын айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0