Таиландда MERS вирусун жугузган экинчи учур катталды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЛабораторияда. Архив
Лабораторияда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул вирусту иммунитети начарлап кеткен жарандар жана өпкөнүн өнөкөт оорусу, диабет жана бөйрөк кемтиги менен ооругандардын жуктуруп алуусу жогору.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Таиландда MERS вирусунун жугушу боюнча экинчи учур катталганын Рейтер агенттиги өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигине таянуу менен билдирди.

Адис: тумоолоп кайрылган шаардыктардын 14 пайызынан "чочко тумоосу" табылган
Вирус Бангкокко келген Омандык 71 жаштагы кишиден аныкталганын Таиланддын саламаттык сактоо министрлиги маалымдайт.

Буга чейин Таиландда мындай вирусту жуктурган бир учур катталган болчу. Ал дагы 2015-жылы июнда Омандан келген 75 жаштагы кишиден аныкталган. 75 жаштагы киши Бангкоктогу жугуштуу оорулар институтуна жаткырылып, дарттан толугу менен айыккан.

Бул вирусту таратуучулар деп Аравия жарым аралыганда жашаган төөлөр эсептелгендиктен, вирусту "төө гриби" деп да атап коет. Вирусту иммунитети начарлап кеткен жарандар жана өпкөнүн өнөкөт оорусу, диабет жана бөйрөк кемтиги менен ооругандардын жуктуруп алуусу жогору.

Жаңылыктар түрмөгү
0