05:43 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8030
  • EUR77.3278
  • RUB1.0452
Ноутбукта иштеп жаткан адам. Архив

Эксперт: Түркиянын сайттарына тарыхтагы эң күчтүү чабуул болду

© flickr.com / hackNY.org
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
84 0 0

40 миң сайтты "бутага" алган киберчабуул жер шарындагы эң күчтүү чабуулдардан болгонун Түркиянын техникалык университетинин ректору билдирди. Буга чейин Anonymous тобунун хакерлери түрк өкмөтүн "Ислам мамлекети" террордук тобун колдоп жатат деп айыптап, ага карата ири киберчабуул жасай турганын жарыялашкан.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Түркиянын аймагында катталган веб-сайттарга карата киберчабуул тарыхтагы эң ирилердин болгонун Орто чыгыш техникалык университетинин ректору Ахмат Ажар билдирди.

Хакерлердин чабуулуна Түркиядагы 40 миңге жакын веб-сайттар учураган. Буга чейин Anonymous тобунун хакерлери түрк өкмөтүн "Ислам мамлекети" террордук уюмун колдоп жатат деп айыптап, ага карата ири киберчабуул жасай турганын жарыялашкан.

Anonymous тобунун өкүлү эгер Түркия "Ислам мамлекетин" колдоону токтотпосо алар Түркиянын, серверлерине, банктардын жана өкмөттүн интернет баракчаларына андан кийин аэропорттун жана аскер объектилерине чабуул коерун эскерткен.

"Жамааттык түрдөгү бул чабуул бүгүнкү күндөгү киберчабуулдын ичинен эң ириси болуп саналат", — деген пикирин Ажар Hurriyet гезитине билдирген.

Анын айтымында, tr домендүү алты сервер чоң киберчабуулга тушуккан. 

Anonymous хакерлердин тобу 2003-жылы түзүлгөн. 2010-жылы аталган топ WikiLeaks сайтынын ишмердигине кысым жасаган компания, уюмдардын интернет сайттарына койгон чабуулунан кийин белгилүү болгон. Чабуулга тушуккан компаниялардын ичинде PayPal, Visa жана MasterСard бар.

Тема боюнча

Интернеттин эркиндиги боюнча Кыргызстан 35-орунду ээледи
Белгилер:
киберкылмыштуулук, интернет, Түркия

ЭҢ МААНИЛҮҮ