Түркия Россияга киргизилбеген 20 тонна жашылча-жемишти таратып жиберди

Жазылуу
Түркиянын Кадырлы шаарынын жетекчилиги Россияга кирргизилбеген жергиликтүү дыйкандардын 20 тонна жашылча-жемишин сатып алып, каалоочулардын баарына таратып берди.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Түркиянын түштүгүндө жайгашкан Османия провинциясындагы Кадырлы шаарынын бийлиги Россиянын базарларында сатылышы керек болгон 20 тонна жашылча-жемишти жергиликтүү элге бекер таратып бергенин Hürriyet гезитине шилтеме берип РИА Новости билдирди.

Буга чейин Россиянын өкмөтү жаңы жылдан кийин өлкөгө киргизүүгө тыюу салган Түркиянын товарларынын тизмесин бекиткен. Тизмеге эт азыктарынан тартып, жашылча-жемиштин бир нече түрлөрү кирген.

"Жергиликтүү товарлардын жумалыгында Россия киргизбей койгон 20 тонна жашылча жемишти 35 миң лирага (12 миң долларга жакын) сатып алдык. Аны бардык каалоочуларга бекер тараттык", — дейт шаардын мэри Өмер Тархан.

Жергиликтүү товарлардын жумалыгы Түркияда декабрда өтөт. Анын максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0