RT телеканалына берген маегинен кийин түрк депутаты мамлекетик чыккынчы деп айыпталууда

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТүркия мамлекетинин желеги. Архив
Түркия мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элдик республикалык партиянын депутаты журналисттерге 2013-жылы Түркиянын аймагы аркылуу "Ислам мамлекети" террордук тобуна химиялык курал жасоодо колдонулуучу зарин газы жеткирилип турганын билдирди.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Анкаранын башкы прокуратурасы Элдик республика партиясынын (CPH) депутаты Эрен Эрдемге RT каналына Түркиянын аймагы аркылуу "Ислам мамлекети" террордук тобуна химиялык курал жасоодо колдонулуучу зарин газы жеткирилген деп маек бергенден кийин ага карата тергөө иштерин баштады.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалымдашынча Эрдемди укук коргоо органдары мамлекеттик чыккынчы деп шекшип жатат. Анын депутаттык кол тийбестиги алынышы ыктымал.

Эрдем 2013-жылы Сириядагы химиялык кол салуунун күнөөкөрлөрүн Түркияда дагы, Батыш дагы билет деп эсептейт.

"Химиялык куралга керектүү материалдар Түркияга алып келинген, андан соң, Сириядагы "Ислам мамлекети" тобунун лагерлерине берилген. Ал убакта алар "Аль-Каиданын" Ирактагы мүчөлөрү болчу",— дейт депутат.

Эрен Эрдем ошондой эле бардыгын жаздырып алышканын айтат. Прокуратура иликтөө иштерин баштап, ага тийиштиги бар кишилер кармалган. Бирок бир жумадан кийин ишти башка прокурорго берип, кармалгандардын баарын бошотуп жиберишкен. Алар түрк-сирия чек арасынан өтүп, изин жашырып кеткенин депутат белгиледи.

Эрдемге карата козголгон кылмыш ишине жооп катары Twitter социалдык тармагында #ErenErdemYouAreNotAlone хэштеги пайда болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0