10:50 19 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6500
  • EUR78.2796
  • RUB1.1086
Президент Франции Франсуа Олланд, президент Украины Петр Порошенко и канцлер Германии Ангела Меркель во время встречи. Архивное фото

Порошенко, Олланд, Меркель: Донбасстагы шайлоо абалды жөндөштүрүүгө коркунуч жаралат

© Sputnik / Николай Лазаренко
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
46 0 0

Порошенко, Олланд жана Меркель Донецк менен Луганскта шайлоо өтсө, Донбастагы абалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга коркунуч жаралат деп эсептешери украин президентинин сайтында айтылат.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Украинанын президенти Петр Порошенко, Франциянын башчысы Франсуа Олланд жана Германиянын канцлери Ангела Меркель Луганскта шайлоо өтсө, Донбастагы абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу процессине коркунуч жаратат деп эсептейт деп айтылат украин мамлекет башчысынын сайтында.

"Нормандия төрттүгүнүн" лидерлери шаршемби күнү кечинде телефон аркылуу сүйлөшүштү.

"Украина, Германия жана Франция өлкөлөрүнүн лидерлери Донецк жана Луганск облустарында шайлоо өткөрүү Минск макулдашууларын бузгандык болот жана андан аркы саясий жөнгө алуу иштерин бүтүндөй коркунучка алып келет деген ойдо", — деп айтылат билдирүүдө.

Тема боюнча

Европа Украинада окуяларды чагылдыруу объективдүү жүрүп жатканына күмөн санайт
Белгилер:
Нормандиянын төртилиги, Минск макулдашуулары, Петр Порошенко, Франсуа Олланд, Ангела Меркель, Донбасс

ЭҢ МААНИЛҮҮ