Жыл аягына чейин YouTube сайты акы төлөп колдонуу кызматын киргизет

© flickr.com / RegoYouTube в США не будет удалять кинокартину "Невинность мусульман"
YouTube в США не будет удалять кинокартину Невинность мусульман - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
YouTube сайтындагы эң жакшы делген видеолор бекер болбойт. Биринчи кезекте YouTube үчүн видео тарткан ири компаниялардын роликтерин акча төлөп гана көрүү тартиби киргизилет.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк ири YouTube видеохостинги 2015-жылдын аягына чейин акы төлөп жазылуу системасын ишке киргизүүнү пландап жатат деп жазат The Verge интернет-басылмасы.

YouTube логосу. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ соту "Мусулмандардын күнөөсүздүгү" тасмасын YouTube бетинен албоо жөнүндө чечим кабыл алды
Биринчи кезекте мындай кызмат жакшы контент жасаган ири компанияларга багытталган. Алар өз видеолорун акы төлөгөн гана колдонуучуларга сунуштай алат. Мындай ыкма менен алар жарнамалардан эмес, колдонуучулардын эсебинен акча таба алышат деп жазат басылма.

Акы төлөгөн колдонуучулар видеолорду жарнамасы жок көргөндөн тышкары, аларды интернетке туташпай туруп да көрө алат.

Буга чейин YouTube Music Key деген акылуу музыкалык кызматынын бета-версиясын ишке киргизген.

Бүгүнкү күнү YouTube каналын колдонгондордун саны миллиард кишиден ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0