07:40 25 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
Минск шаары, Архив

Беларусь парламенти Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүн ратификациялады

© Sputnik / Руслан Кривобок
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
8010

Буга чейин макулдашууну Беларуссиянын Улуттук жыйын өкүлдөр палатасы колдоп берген.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Беларусь Улуттук жыйын кеңешинин депутаттары тогузунчу сессиясында "Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун колдоп беришкенин парламенттин расмий сайты билдирет.

Буга чейин макулдашууну Беларуссиянын Улуттук жыйын өкүлдөр палатасы колдоп берген.

21-майда президент Алмазбек Атамбаев КРдин ЕАЭБге кошулушу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбооруна кол койгон. Биримдикке мүчө башка өлкөлөр азырынча келишимдерди ратификациялай элек. Армения парламенти гана документтин ратификациясын колдоп берди.

РФ президенти ушундай эле документти Мамлекеттик думанын кароосуна жөнөттү. Россия парламенти аталган мыйзам долбоорун шаршемби күнү карашы күтүлүүдө.

Тема боюнча

Мамдума КРдин ЕАЭБге кошулуусу тууралуу келишимди 1-июлда ратификациялашы мүмкүн
Белоруссиянын төмөнкү палатасы КРдин ЕАЭБге кирүүсү боюнча келишимди ратификациялады
Армения өкмөтү Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү боюнча протоколун ратификациялады
Белгилер:
ратификация, мыйзам долбоору, Евразиялык экономикалык биримдик, Кыргызстан, Армения, Россия, Беларусь

ЭҢ МААНИЛҮҮ