АКШнын демилгеси менен Путин жана Обама Украинанын чыгышындагы абалды талкуулады

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В.Путин встретился с президентом США Б.Обамой
Президент РФ В.Путин встретился с президентом США Б.Обамой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия менен АКШ башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө кан төгүүнү тез арада токтотуу, Украинанын бардык аймактарында жашоочулардын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын камсыз кылуу зарылдыгы баса белгиленди.

БИШКЕК, 11-фев — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Барак Обама америкалык тараптын демилгеси менен Украинанын түштүк-чыгышындагы кырдаалды талкуулады деп билдиришти Кремлдин маалымат кызматынан.

"Америкалык тараптын демилгеси менен Россия президенти Владимир Путин жана АКШ президенти Барак Обама телефон аркылуу сүйлөштү. Көңүл ордосунда Украинадагы абал жана бул өлкөдөгү катуу каатчылыкты тынчтык жолу менен жөнгө салууну камсыз кылуу боюнча милдеттер болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Путин Украинанын түштүк-чыгышындагы кырдаалга кенен баа берип, 11-февралга пландалып жаткан "Нормандия форматындагы" Минск жолугушуусунун алкагында талкууланып жаткан Россиянын акыркы сунуштарына басым жасады деп белгиленет билдирүүдө.

Шейшембиде Минск шаарында Украина боюнча байланыш тобунун отуруму өттү. Белоруссиянын борборунда 11-февралга белгиленген Россия, Германия, Франция жана Украина курамына кирчү "нормандиялык төртиликтин" лидерлеринин жолугушуусу болор-болбосу аталган отурумдан көз каранды эле. Саммит өткөрүү үчүн бир катар принципиалдуу көз караштар алдын ала макулдашылып, ал эми анын мазмундук жагын байланыш тобунун иши камсыз кылышы керек болчу. 

Украина бийлиги 2014-жылдын апрелинде аталган жылдын февралында өткөн мамлекеттик төңкөрүшкө нааразы болгондорго каршы Донбаста күч операциясын баштаган. БУУнун акыркы маалыматтарына караганда, 5,3 миңден ашык карапайым тургундар бул чыр-чатактын курманы болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0