21:42 17 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.1634
  • EUR80.0375
  • RUB1.0917
Города России. Москва

ЕАЭБнын өкмөттөр аралык кеңеши 6-февралда Москвада өтөт

© Sputnik / Vladimir Pesnya
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
14 0 0

ЕАЭБтин премьер-министрлеринин кеңешиндеги негизги суроо катары Кыргызстандын биримдикке кошулушу каралат. КР май айында Евразиялык экономикалык биримдиктин толук укуктуу мүчөсү болмокчу.

БИШКЕК, 30 янв — Sputnik. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин биринчи отуруму 6-февралда РФтин борбору Москва шаарында өтөт. Жолугушууга Россия, Армения, Беларусия, Казакстан жан Кыргызстан өлкөлөрүнүн премьер-министрлери чогулмакчы деп билдирет РИА Новости Россия Федерациясынын өкмөтүнүн маалымат кызматына таянуу менен 

Жолугушууда карала турган негизги суроо Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу болот. Өкмөт башчылары кирүү процедураларын талкуулашмакчы. 

"Жолугушуунун жүрүшүндө Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) ишине, кызматташуунун ченем-укуктук негиздерин өнүктүрүүгө жана бир катар конкреттүү, анын ичинде инновациялар тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга тиешелүү бир топ интеграциялык суроолорду кароо пландалып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) — евразиялык интеграциялоонун алкагында Россия, Казакстан жана Белоруссиянын Бажы биримдигинин негизинде 2015-жылдын 1-январынан тартып түзүлүп жаткан экономикалык биримдик. Экономика тармагында мамлекеттер аралык интеграциялоонун алкагында кызматташтык мурдагы советтик мейкиндикте 1990-жылдардын аягынан бери жүргүзүлүп келе жатат. 1999-жылдын 26-февралынан тартып Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик тууралуу Келишимге кол коюшкан. Ошондой эле 23-декабрда Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке азырынча байкоочулук укук менен кирүү жөнүндө документке кол койгон. Май айынан тартып республика ЕАЭБнын толук укуктуу мүчөсү болот.

Тема боюнча

Оторбаев Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлү Гошин менен жолукту
Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча документке кол коюлду
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, Өкмөттөр аралык кеңеш, Москва
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ