Сизди жана балаңызды кырсыктан сактай турган 2 мүнөттүк видео

Жазылуу
Бишкекте жөө адамдардын 80 пайызын телефонго алаксыгандыктан автоунаалар коюп кетип жатат. Бул маалымат дагы бирөөнүн өмүрүн сактап калышы мүмкүн. Ошондуктан мультикти жакын адамдарыңыз менен бөлүшүп койсоңуз болот.
Жөө адамдардын көйгөйү тууралуу Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун ыкчам медициналык жардам бөлүмүнүн дарыгери Бекназар Жунусов айтып берди.
"Бизде эң көйгөйлүү маселе — бул мобилдик телефондор менен кулакчындар. Жөө адамдардын 70-80 пайызы телефонго же кулакчынга алаксыгандыктан автоунаалар коюп кетет. Бала "зебрадан" өткөнү жатканда биринчи унаа токтойт. Бирок анын колунда телефон, кулагында кулакчын болгондуктан жолду карабай кете берет дагы экинчи автоунаа коюп кетет", — деди Жунусов.
Ал ошондой эле көпчүлүк айдоочулар дагы рулда баратып телефон колдонорун белгиледи. Дарыгер кыргызстандыктарды жолдо сак болууга чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0