Бишкекте "Кыргыз көчү" аймагы түзүлүп, дүйнө эпосторунун фестивалы өтөт

Жазылуу
Борбор калаада 22-25-сентябрь күндөрү Дүйнө элинин эпосторунун VI Эл аралык фестивалы өтөт. Учурда ага 20дан ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Фестивалдын программасында эпос таануучулар жана окумуштуулар арасында эл аралык илимий-практикалык симпозиум, тегерек столдор өтөт. Ошондой эле Улуттук филармониянын алдына "Кыргыз көчү" этнографиялык аймагы түзүлүп, "Мыкты боз үй", "Мыкты семетейчи" жана "Саркеч көчмөн" сынактары уюштурулат.

Ошто туризмди даңазалаган иш-чаралар өтүп, ага Болливуд жылдыздары катышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Ошто туризмди даңазалаган иш-чаралар өтүп, ага Болливуд жылдыздары катышат
Аталган маданий иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана улуу акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы, "Арт Араба" коомдук фонду менен биргеликте уюштурууда.

Максаты — дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө. Ошондой эле президенттин "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0