Эрдоганды күтпөй тасманы кесип жиберген балага президенттин реакциясы. Видео

Жазылуу
Түркия лидери Режеп Тайип Эрдогандын салтанатта тасма кесе турган учуруна байланыштуу жылмаюу чакырган видео интернет айдыңына тарады.

Окуя Түркиядагы автоунаа тоннелинин ачылышында болгон.

Восстановленние социальной инфраструктурой в селе Максат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жапаров Баткенде жаштар менен футбол жана волейбол ойноду. Сүрөт
Салтанатта сүйлөнгөн сөздөрдөн тажадыбы, айтор, кайчы кармап Эрдогандын алдында турган балдардын бири тасманы президентке чейин эле өзү кесип салган. Сценарий боюнча, бул аземди Түркия башчысы окуучулар менен бирге жасашы керек эле.

Видеодон Эрдоган баланын кылыгын байкагандан кийин ага жана ошол жерде турган окуучу кызга бир нерселерди айтып жаткандыгын байкоого болот. Ал тургай кичинекейдин башын черткилеп, бир нерсе деп жатканы кадрга түшүп калган.

Видео дароо интернет айдыңына, социалдык тармакка тарап, аны KingMan TV өзүнүн YouTube каналына жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0