Кызыл килем, өзгөчө сый-урмат. Олимпиадачыларды тосуп алуу аземинен репортаж

Жазылуу
Токио Олимпиадасында өлкө намысын коргогон спортчулар мекенине кайтып келди. Аларды аба майдандан бийлик өкүлдөрү, туугандары жана журналисттер тосуп алды.

Кыргыз балбандары эки күмүш, бир коло тагынып келишти. Өлкөнүн эгемен тарыхында атлеттер биринчи болуп Олимпиададан үч медаль утуп жатат. Кыз-келиндер арасында дагы буга чейин бир да спортчу байгеге жеткен эмес. Жаңы тарыхты Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова жазды. Ал эми Акжол Махмудов 13 жыл мурунку тарыхты кайталады. Пекин Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн Канат Бегалиев күмүш уткан эле.

Олимпиадачыларды аэропорттон атайын кортеж менен алып келишти. Күйөрмандары жол жээктеп шар, желек көтөрүп, кол булгап турушту.

Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан катышып келген спортчуларды тосуу аземи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи
"Ала-Тоо" аянтында спортчуларга арналган салтанат уюштурулуп, президент Садыр Жапаров катышты. Бул жерде ар бир олимпиадачыны өзгөчө азем менен тосуп алышты. Аларды куттуктаганы миңдеген кыргызстандык келип, кубанычына ортоктош болушту.

Мамлекет башчы улуттук команданы ийгиликтүү келиши менен куттуктап, кыргыздын баатыр кыздары Кыз Сайкал менен Жаңыл Мырзанын руху тирүү экенин белгиледи. Муну Тыныбекова менен Жуманазарованын жеңиши далилдеп турганын айтты. Ал эми Акжол Махмудовдун өзгөчө ыкмаларына баа берди.

Олимпиадачыларды тосуп алуу салтанаты концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Токио-2020 жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу барган. Эң акыркысы болуп оюнду 42 чакырым, 195 метрге чуркаган Дарья Маслова жыйынтыктады. Ал 88 жөө күлүктүн ичинен марага 36-болуп келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0