09:35 29 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.6655
  • EUR100.1043
  • RUB1.1502
Видео

АКШ Атлантикадагы россиялык кемелерден чочуп... НАТОнун кезектеги кадамы

Кыскача шилтеме алуу
318 0 0
© Sputnik / RUPTLY/NATO TV

АКШ жана анын НАТО боюнча союздаштары россиялык флоттун Атлантика океанындагы активдүүлүгүнөн чочуп кетишти. Батыштык аскерий аткаминерлер Россиянын Аскер деңиз күчтөрү аймактагы коопсуздукка коркунуч келтирип жатат деген шылтоону айтууда.

Пентагондо россиялык деңиз алдында жүрүүчү кемелердин "АКШнын жээктеринде улам-улам пайда болгондугуна" түйшөлүп жатышат. Россиянын аскер деңиз флоту жакындан тарта пайдалана баштай турган гипер үндүү "Циркон" канаттуу ракетасы алардын түн уйкусун бузуп жаткан чак.

Америкалык аскерий жетекчилер суу алдында жүрүүчү кемелер бул жаңы, кубаттуу ракетанын жардамы менен АКШнын көп бөлүгүндөгү, тагыраагы, кургактагы объектилерди бутага алат деп убайым чегип жатат. Андыктан АКШ жана НАТОнун россиялык аскерлердин АКШнын жана алардын союздаштарынын аймактарынын жээгине жакындашына мүмкүнчүлүк бербей турган ыкманы издеп жаткан кези.

АКШ жана НАТОнун аскер жетекчилеринин башына келген идея – блокада. Бирок бул чечим согуш жарыялоого тете.

Тема боюнча

НАТО кайрадан Россияны күнөөлөп жатат, ага Москва жооп берди
"Талуу жерден согобуз": НАТО эмнени көздөп турат?
Белгилер:
блокада, ракета, Атлантика, АКШ, НАТО, Россия

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ