Гонконгдо пандемиядан улам робот-бармендер иштей баштады. Видео

Жазылуу
Коронавируска байланыштуу түрдүү сферада өзгөрүүлөр болуп жатат. Айрым жерлерде буга чейин ойго келбеген нерселер ишке ашууда, мисалга робот-бармендерди айтсак болот.
Гонконгдо автоматташтырылган чай бары ачылды. Андагы кызматкерлердин бардыгы роботтор. Бизнес ээсинин айтымында, мындай жол менен адамдардын байланышын азайтууга мүмкүндүк түзүлдү.
Robotea чай барынын кызматкерлерине айлык төлөөнүн кажети жок. Болгону электр энергиясы менен кубаттап туруу жетиштүү. Алар келген конокторго бийлеп да берип көңүл көтөрөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0