Бишкектин эки районунда салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүлдү. Видео

Жазылуу
Мындан ары келген жарандар электрондук башкаруу принциби менен кезекке турат. Ага улай эле өзүн-өзү тейлөө зонасы түзүлгөн.

Салык кызматы Бишкектин Свердлов жана Биринчи май райондорунда электрондук кезек системасын жана өзүн-өзү тейлөө зонасын ишке киргизди. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Биринчи майдагы жаңы системанын презентациясына биринчи вице-премьер Артем Новиков, Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев, орун басары Кубанычбек Шатемиров, кызматкерлер жана салык төлөөчүлөрү катышты.

Новиков: салыктагы эски ыкмалар ишкерликти өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратууда

“Эми келген жарандар электрондук башкаруу принциби менен кезекке туруп тейленет. Мындан тышкары, “Бирдиктүү терезе” залдарында өзүн-өзү тейлөө зонасы түзүлгөн. Анда салык төлөөчүлөр залга орнотулган компьютерлерди колдоно алышат. Алдыда мындай система башка аймактарга да кошулат”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө салык төлөөчүлөр salyk.kg порталы аркылуу отчёт, декларация тапшырууга, полис, патент жана ыңгайлуу форматтагы маалымкаттарды электрондук түрдө алууга мүмкүнчүлүктөр бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0