00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:08
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Эми спорттук медицина өнүгөт — “Мүрөк” борбору качан ачылат?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эльвира Сурабалдиева кезексиз жыйында сүйлөгөндө депутаттар чыга качты. Видео

Жазылуу
Бүгүн, 13-октябрда, парламент “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулушту. Анда жаңы төрага шайланып, президенттин өзгөчө абал жарыялоо боюнча жарлыгы бекитилди.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Эльвира Сурабалдиева парламенттин кезексиз жыйынында митингге чыгып жаракат алган жарандар тууралуу кеп кылганда, залдагы депутаттардын дээрлик көпчүлүгү сыртка чыгып кетишти.

Эске салсак, бүгүн, 13-октябрда, парламент “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулушту. Анда жаңы төрага шайланып, президенттин өзгөчө абал жарыялоо боюнча жарлыгы бекитилди.

“Урматтуу деп айтканга тилим барбай жатат, кесиптештер, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына ачуусу келип 20 миңдей кыргызстандык аянтка чыкты. Аларды чакырып мен дагы аянтта болдум. Шайлоону эмне үчүн элди шылдыңдоо менен өткөрдүңөр? Билбесеңиздер, учурда ооруканаларга 1500дөй жарадар кыргызстандык кайрылды. Арасында 100 адамдын операцияга каражаты жок. Төрага Канат Кедейкановичке кайрылат элем, төраганын фонду 30 миллион сом, ошону 100 адамга бөлүп берсе операцияга жетет экен. Бул жагынан мамлекет жардам бериши керек”, - деди Сурабалдиева.

Депутат сөзүн аяктай электе эле залдагы эл өкүлдөрү себебин түшүндүрбөстөн сыртка чыга башташты. Бирок Сурабалдиева кебин улады.

Садыр Жапаровдун тарапташтарын кайрадан митингге чакырган билдирүүлөр тарады

“Аймактардан келген жарандарыбыз медициналык камсыздоосу жок, жардамга муктаж болуп жатышат. Айрым депутаттар качып баратат окшойт, аягына чейин уксаңыздар болмок. Өз элине кулак тундурган граната, желим ок аттырган бийлик, Ички иштер министрлиги моралдык жоопкерчиликти сезиши керек!” – деди Сурабалдиева.

Ал ошондой эле жаракат алган балдар ызага батып, оор абалда экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0