Казак мушкери Алимханулы беттеште бир сокку менен атаандашын бүк түшүрдү. Видео

Жазылуу
Алимханулы WBC жана WBO курларын ийгиликтүү коргоп, "Канело" Альварес менен беттешүүгө даяр экенин жар салды.

Казакстандык кесипкөй боксчу Жанибек Алимханулы 23 жаштагы аргентиналык Гонсало Корияны оор нокаутка кетирип утту. Бул тууралуу Sports.kz. маалымат булагына таянып Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

АКШнын Лас-Вегас шаарындагы MGM Grand аренасында өткөн бокс кечесинде Жанибек Алимханулы аргентиналык "Сыйкырчы" каймана аттуу мушкер Гонсало Кория менен беттешкен. Казак мушкери экинчи раундда сол колдоп багыттаган кубаттуу соккусу атаандашынын жаак тушуна тийип, ал рингге кулаган.

Беттеш орто салмакта 27 жаштагы Алимханулыга таандык WBC Continental Americas жана WBO Global версияларынын экинчи баскычтагы чемпиондук наамдары үчүн болгон.

Эң мыкты беттеш! Бири-бирин 8 ирет нокдаунга кетирген боксчулардын видеосу

Он раундга макулдашылган беттеш экинчи бөлүктө эле жыйынтыкталды.

"Биз дүйнө жүзүнө казактын боксун көрсөттүк! Бул жеңиш бир гана меники эмес, бүтүндөй казакстандыктардыкы. Биз чемпиондук курга дагы бир кадам жакындадык", — деп белгилеген Алимханулы.

Казак мушкери муну менен кесипкөй бокстагы тогузунчу беттешин жеңди. Азырынча жеңиле элек. Алимханулы The Ring басылмасына берген маегинде Деметриус Андраде, Джермалл Чарло жана "Канело" Альварес сыяктуу чемпиондор менен беттешүүнү каалаганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0