22:05 30 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.8000
  • EUR95.4770
  • RUB1.0311
Видео

Опалубкалар жерге кулап... Жалда күйүп жаткан көп кабаттуу үйдүн видеосу 

Кыскача шилтеме алуу
399 0 0
© Sputnik / Азамат Тотубаев

Бишкектин Жал кичи районунда жаңыдан курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайда чыккан өрттү өчүрүүгө төрт бригада тартылды. Ошондой эле бир автошаты, бир суу ташуучу унаа жеринде иш алып барууда.

Өрт өчүрүү кызматына болжол менен саат 22.20ларда тилсиз жоо тууралуу чакыруу түшкөн. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт саат 23:52де чектөөгө алынганын кабарлады. Учурда толугу менен өчүрүү иш-чарасы жүргүзүлүүдө.

Жалда көп кабаттуу үй күйүп жатат. Жалындаган өрттүн видеосу

Күбөлөрдүн айтымында, Жогорку Жал кичи районунда жайгашкан 15 кабаттуу турак жайдын үстүңкү бөлүгүнөн өрт чыккан. Жалындаган өрт шаардын экинчи тарабынан да көрүнүп турду. Видеодон күйгөн опалубкалар жерге кулап жатканын көрүүгө болот. 

Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери, Тез жардам кызматынан бир бригада иштеп жатат.

Тема боюнча

Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү
Кыргызстандын өрт көп чыккан аймагы. 2020-жылга статистика
Белгилер:
өчүрүү, турак үй, өрт, Бишкек

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ