04:40 21 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.0444
  • EUR93.7348
  • RUB1.0535
Видео

ПСЖ — "Марсель" футболчулары мушташа кетип, бешөө оюндан куулду. Видео

Кыскача шилтеме алуу
350 0 0
© YouTube / BT Sport

Беттештин соңундагы эки оюнчунун жөөлөшүүсү массалык мушташууга айланып, калыс беш футболчуну оюн талаасынан кубалап чыкты.

Футбол боюнча Франциянын чемпионатындагы ПСЖ – "Марсель" беттеши чоң чыр менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу eurosport маалымат булагы жазды. https://www.eurosport.ru/football/ligue-1/2020-2021/story_sto7886618.shtml

Беттеш "Марсель" командасынын пайдасына 1:0 эсеби менен чечилди. Жалгыз голду 31-мүнөттө Флориан Товен киргизген.

Оюндун соңку мүнөттөрүндөгү эки футболчунун жөөлөшүүсү массалык мушташка айланып, калыс беш футболчуну оюн талаасынан кубалап чыкты. ПСЖдан Неймар, Леандро Паредес жана Лэйвен Курзава, ал эми "Марсель" тараптан Жордан Амави жана Дарио Бенедетто оюндан четтетилген.

Көтөрүп чапты. Валерий Кичиндин оюн учурунда мушташа кеткен видеосу

Паредес менен Бенедетто экинчи эскертүү кагаз алганы үчүн чыгарылса, Неймар, Курзава жана Амави оюн учурунда чырга катышкандыгы үчүн кызыл айып кагазы менен жазаланышкан. Жалпысынан (сары, кызыл) он айып кагазы көрсөтүлгөн.

Беттештен куулган Неймар оюн талаасынын чыгып бара жатып өзүнө карата расалык мазактоо болду деп резервдеги калыска даттанган.

Тема боюнча

Секирип келип тепти! Францияда футболчу кыз атаандашын жабыркаткан видео
Белгилер:
жаза, айып, мушташ, Франция, футбол

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ