Талаада баш калкалаган кыргызстандыктар. Бузулуктагы кырдаалды баяндаган видео

Жазылуу
Оренбург облусунун Бузулук районунда 753 кыргызстандык ээн талаада баш калкалап отурат. Алар мекенине кайтуунун амалын издеп, Россиянын бир нече шаарынан Казакстан менен чектешкен аймакка келишкен.

Аймакта турган мекендештердин айтымында, бүгүнкү күндө чогулган 753 адамдын 505и эркек, 224ү аял киши, 24ү жаш бала жана 15и кош бойлуу аял. Бул жерге алды 7-августта келип, эки адамдык чакан чатырларды тигип жатышат. Бүгүн түнү менен жамгыр катуу жаап, бүт баары суу болгонун айтып беришти.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бузулукта турган мекендештер менен байланышып, азыркы кырдаал тууралуу маалымат алды.

© Фото / Смагулов ТимурОренбург облусунун Бузулук районунда кыргызстандыктар
Талаада баш калкалаган кыргызстандыктар. Бузулуктагы кырдаалды баяндаган видео - Sputnik Кыргызстан
Оренбург облусунун Бузулук районунда кыргызстандыктар

62 жаштагы Кайринса Өмүрзакова жолдошу экөө көптөн бери элчиликтин эшигин каккылап, чартердик каттам менен кете албай койгонун айтып, айласы түгөнгөндө Бузулукка келгенин билдирди.

"Элчиликке барып "карантинде жатып кыйналдык, эптеп Кыргызстанга жибергиле" деп жалындым, "макул" деп алдап жиберишти. Акыры күтүп тажап, үмүтүм үзүлүп Бузулукка келдим. Түндө баарыбыз жамгырда калдык. Жаан түнү менен жаап төшөктөрүбүз суу болуп, ушундай суукта отурабыз. Бул жерде майыптар, кош бойлуу келиндер, жаш балдар бар. Балдары түнү менен ызылдап ыйлап чыкты. Өтө кыйын абалда турабыз", — деди Өмүрзакова.

Айдарбеков менен Лавров туруктуу авиакаттамдарды жандантууну сүйлөшүштү

Ал эми Зайырбүбү Карабекова өткөн жылдын 15-декабрында баласы менен Москвага иштегени барып, бирок карантиндик чектөөлөрдөн улам иштей албай же мекенине кайта албай ара жолдо калганын айтат.

"Мурда боорум ооручу. Ошол оорум эки күндөн бери кармап жатат. Кыргыз элимден, Жээнбеков Сооронбай Шариповичтен, депутаттардан Казакстандын президенти менен сүйлөшүп, бизге жолду ачып беришиңиздерди суранабыз. Бул жерде ооруп калып жатабыз, сураныч, эртерээк сүйлөшүп бизге жолду ачып берип коюңуздар", — деп кайрылды мекендеш.

Дем алыш күндөрү Россиядан миңдей кыргызстандык мекенине алып келинди

Кыргызстандын жарандары бул талаа лагеринде дагы канча жатары азырынча белгисиз. Маселе кыргыз-казак өкмөттөрүнүн ортосунда дипломатиялык жолдор аркылуу чечилет.

© Фото / Смагулов ТимурСтихийный лагерь с кыргызстанцами на границе с Казахстаном в Бузулукском районе Оренбургской области
Оренбург облусунун Бузулук районунда кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
1/3
Оренбург облусунун Бузулук районунда кыргызстандыктар
© Фото / Смагулов ТимурСтихийный лагерь с кыргызстанцами на границе с Казахстаном в Бузулукском районе Оренбургской области
Оренбург облусунун Бузулук районунда кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
2/3

3/3

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Sputnik кабарчысына "тиешелүү нота жөнөтүлгөнүн" маалымдады.

"Оренбург маселеси боюнча Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча транзиттик коридорду ачуу мөөнөтү боюнча эч нерсе белгисиз. Нота жөнөтүлдү. Баары казак тараптан көз каранды. Алар макулдугун берсе, жарандарды чыгарып кетүү башталат", — дешти кыргыз дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн.

Ал эми Россиядагы Казакстан элчилигиндегилер кыргызстандыктарды Казакстан-Россия чек арасынан өтүү алгоритми иштелип чыкканын кабарлашкан.

"Казакстан Кыргызстандын элчилигинен тиешелүү нота алып, автобустар жөнөтүлгөндөн кийин токтоосуз "жашыл коридор" ачып берүүгө даяр. Боордош калкка биз тараптан эч кандай тоскоолдук жок", — деген коңшу өлкөнүн элчилиги.
© Фото / Смагулов ТимурОренбург облусунун Бузулук районунда кыргызстандыктар
Талаада баш калкалаган кыргызстандыктар. Бузулуктагы кырдаалды баяндаган видео - Sputnik Кыргызстан
Оренбург облусунун Бузулук районунда кыргызстандыктар

Август айынын башында Тышкы иштер министрлиги Казакстан менен "жашыл коридор" ачып берүүсүн макулдашып, Бузулукта турган 2000ден ашуун кыргызстандык автобустар менен Бишкекке алып келинген. Алар кетери менен кайра эле мекендештер чек арага чогула баштаганы айтылган.

Белгилей кетсек, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы авиакаттамдар штаттык режимде 1-сентябрдан тарта жандана турганы кабарланган. Ага чейин чартердик каттамдар уюштурулмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0