Жашоо үчүн күрөш. Чүткөр менен жыландын кармашкан видеосу

Жазылуу
Индияда кол салган жылан менен кармашкан чүткөр (дикобраз) душманын ийнелери менен сайгылап, айласын кетирген.

Эки жаныбардын жашоо үчүн алышканын Asianet Newsable сайты жазган.

Индиянын Токой кызматынын өкүлдөрү кемирүүчү бул жаныбардын каармандыгына таң берген.

Кежирлигин айт! Карганын кирпини түрткүлөп, жолдон өткөргөн видеосу - Sputnik Кыргызстан
Кежирлигин айт! Карганын кирпини түрткүлөп, жолдон өткөргөн видеосу
Экөөнүн алышып жаткан видеосу YouTube каналына жайгаштырылган.

Тилин соймоңдоткон кара чаар жылан канчалык аракет кылганы менен артыкчылык кыла алган эмес. Видеодон чүткөр коргонуп, аны менен катар жыландын куйрук жагынан бир нече ирет тиштеп алганын да көрүүгө болот.

Буга чейин да интернет айдыңына кабыландын айласын кетирген чүткөрдүн видеосу коюлган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0