Милициянын Кочкор-Атада кылмыштуу топтун 11 мүчөсүн кармаган видеосу

Жазылуу
Жалал-Абад облустук ИИБдин жана Ноокен райондук милициясынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү УКМКнын аймактык кызматкерлери менен биргеликте Кочкор-Ата шаарындагы кафелердин биринен уюшкан кылмыштуу топтун 11 мүчөсүн кармаган.

Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта алардын Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында криминалдык чөйрөдөгү "авторитеттердин" жыйынына чогулган учурда колго түшүрүлгөнү айтылат.

Аңчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө егерь менен экологду атып салам деп коркуткан кишинин видеосу тарады
Алардын ичинен эки адамдын үстүнөн 19-мартта башка жарандан арыз түшкөн. Арызданган киши опузалап акча талап кылуу фактысы болгонун айтып, чара көрүүнү суранып кайрылган. Ал иш боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 203-беренесинин негизинде ("Опузалап талап кылуу") сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Иликтөө иштери алардын ким экендигин тактап чыккан. Бири Базар-Коргон районунун 26 жаштагы Ж. у М. аттуу тургуну экени, анын мурда бир нече ирет соттолгону аныкталган. Буга кошумча, кылмыштуу топтун ишин колдоп, аталган аймакта "положенец" болуп шайлангандыгы такталган.

Экинчиси, З.И. да аталган райондун жашоочусу болуп чыккан.

"Аталган кылмыш иши боюнча шектүү Ж. у М. өзүнүн жүргөн жерин жашырып, жашаган жерин өзгөртүп тергөөгө келбей, тоскоолдук жаратып качып жүргөн", — деп айтылат маалыматта.

Орган кызматкерлери аларды өздөрүнүн тобунун жыйынына келгенде колго түшүрүүнү чечкен.

Кочкор-Ата шаарындагы Ош — Бишкек автожолунун боюнда жайгашкан ашканалардын биринде аталган жыйын учурунда Ж. у М. жана З.И. кармалган. Алар менен кошо ошол жыйынга келген ыкчам кызыкчылык жараткан 9 (тогуз) атуул Жалал-Абад облустук милициясына жеткирилип, аты-жөнү такталып, манжа издери алынып, түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүп кайра коё берилген.

Аял наручник менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаровдун эжеси Польшадан кармалды
Маалыматта алардын да мурда соттолуп, учурда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катарында ИИМдин каттоосунда тургандар экени айтылды. Кармалгандардын эң улуусу 56, кичүүсү 25 жашта болуп чыкты.

Ал эми жогорудагы айтылган эки шектүү жаран кармалган ошол эле күнү, 22-майда, Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Бирок эки күн өтпөй Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясы аларды үй камагына чыгарып жиберген.

"24-май күнү Жазык кодексинин 203-беренесинин ("Опузалап талап кылуу") негизинде тергелип жаткан шектүүлөр Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясы тарабынан үй камагына чыгарылган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иштери улантылып жатканы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0