Таластын айылында жер алдынан төрт кумара табылып, чоо-жайы айтылды. Видео, сүрөт

Жазылуу
Талас облусундагы Манас районунун Кара-Арча айылында жергиликтүү тургундар жер казып жатып ири төрт кумара таап алган. Бул тууралуу аталган огороддун ээси, айыл тургуну Бакыт Термечиков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.

Термечиков бул баалуу буюмдарды 2020-жылдын 3-мартында капыстан тапкан.

"Үйгө таза суу киргизиш үчүн огородду казып, түтүк киргизейин дегем. Күрөк менен бир топ казгандан соң жалпак таш чыкты. Аны кызыгып карап, дагы бир метрдей тереңдете баштаганда кумаралардын чети көрүнө баштады. Анан абайлап баштадым. Байкасам, биздеги калың кумараларга салыштырмалуу жукараак экен, ооздорунун жана жалпы тулкусунун формасы өзгөчөлөнүп турат. Төртөөнүн тең ичинен топурак чыкты", — деп айтып берди Термечиков.

Анын айтымында, кумаралардын көлөмү ар кандай жана кызгылтым түстө. 

© Фото / Мидин СуюмбаевТалас облусундагы Манас районунун Кара-Арча айылында жергиликтүү тургундар жер казып жатып ири төрт кумара таап алган.
Таластын айылында жер алдынан төрт кумара табылып, чоо-жайы айтылды. Видео, сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Талас облусундагы Манас районунун Кара-Арча айылында жергиликтүү тургундар жер казып жатып ири төрт кумара таап алган.

"Болжол менен эң чоңуна 200 литр суу баткыдай. Калгандары 150 жана 100 литрлик десем болчудай. Казганда төртөө тең бүтүн болчу, жаракалары бар экен, ошондуктан сынып калды. Ал эми бийиктиги 1 метр жана андан да жогору. Байкаганым, кумаранын алды жагында күл бар экен, капталындагы дубалда таштар тизилиптир", — деди жергиликтүү тургун.

Ал эми Манас районунун акими Бектаналы Дүйшөбаев учурда табылгалар кайтарууга алынганын, жергиликтүү бийлик Бишкектен келе турган адистерди күтүп жаткандыгын билдирди. 

"Бишкектен адистер келерин айтып эч кимге тийгизбей тургула дедим. Келген адистер музейге алып, иликтейби, өздөрү көрөт да. Азыр кумаралар Кара-Арча айылында, казылган жеринде турат", — деди ал.

Кызыгы, биз менен сүйлөшүп жатканда Термечиков мурда да ушундай кумаралар чыккандыгын айтып берди. Бирок ал маалымат жетпегендиктен археологдордун колуна тийгиче жок болуп кеткендигин билдик.

"Буга чейин 3-4 жыл мурда жер айдаганда дагы бир акелерибиздин огородунан чыккан. Аны эч жерге деле тапшырбай, сынып жок болгон. Эч ким деле кызыккан эмес", — деди Термечиков.

Кумаралардын изилдөө предмети болору жана кайда жайгаштырыла тургандыгына кызыгып, археолог, тарыхчы Кубат Табалдиевге кайрылдык. 

© Фото / Мидин СуюмбаевКумаралардын көлөмү ар кандай жана кызгылтым түстө
Таластын айылында жер алдынан төрт кумара табылып, чоо-жайы айтылды. Видео, сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кумаралардын көлөмү ар кандай жана кызгылтым түстө
"Кумараларды Таластагы "Манас ордо" комплексине өткөрүп берүү пикирин айттык. Аталган комплекстин кызматкери Кара-Арчага барып, сүйлөшүп, бул боюнча тиешелүү иштер жасалууда. Кумаранын ичиндеги топурактарды да ыргытпай сактап турууну айттык. Байыркы мезгилдеги ботаниканы изилдеген адистер үчүн, балким, дандын, өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн, чаңчаларын карап, изилдөө керектигин сунуштадык", — деди ал.

Табалдиев бул табылга кайсы кылымга таандык экендигин да айтып берди.

Таласта 1980-жылдары табылган мамонттун азуу тиши Кара-Буурадагы мектепте сакталуу
"Табылган оокаттардын формасына караганда VIII кылымдан XIII кылымдын башындагы жергиликтүү эл колдонуп, кум деп аталган чоң кумаранын калдыгы болуп саналат. Буга дан эгиндерин сактоо, кээ бирлеринин алдында чоргосу барларын суу куюу үчүн колдонушу мүмкүн. Буюрса, бул келечекте да изилденет", — деди археолог.

Тарыхчылар, археологдор эле эмес, коомчулуктун кызыгуусун арттырган бул сыяктуу дагы бир баалуу табылга мындан бир нече жыл мурда Көл кылаасынан кездешкен. 2016-жылдын 10-март күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун жанынан жергиликтүү тургун Эрмек Кулетов айылдаштары менен мамонтко окшош жандыктын баш сөөгүн тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0