Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Москвадагы белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду. Өлкө башчы Россияга жумушчу сапары менен барган.
Сооронбай Жээнбеков менен делегация мүчөлөрү Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерди.
©
Пресс-служба президента КР
Москвада Жээнбеков Владимир Путин менен жолугат. Алар кыргыз-орус мамилелеринин азыркы абалы жана келечегин талкуулашат. Ошондой эле эки лидер Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын ачылыш аземине катышат.
Мындан сырткары, Жээнбеков менен Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана РФнын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин жолугушуусу күтүлүүдө.
Иш сапардын алкагында Жээнбеков ВДНХнын аймагындагы "Кыргызстан" павильонуна дагы барат.