12:08 29 Жалган Куран 2020
Түз эфир
  • USD80.2015
  • EUR88.3099
  • RUB1.0318
Видео

"Капкара НЛО". АКШда асманда калкыган белгисиз объектини видеого тартып алышты

Кыскача шилтеме алуу
394 0 0

Видеодо көрүнүп тургандай тоонун үстүндө, абада тегерек формадагы кара нерсе көпкө чейин кыймылсыз туруп, бир маалда тездик менен кыймылга келгени байкалат.

АКШнын Аризона штатында НЛОго окшогон объектини видеого тартып алышты. Кадрларды уфология тармагындагы иликтөөлөргө адистешкен The Hidden Underbelly You-Tube каналы жарыялады.

Видеодо көрүнүп тургандай тоонун үстүндө, абада тегерек формадагы кара зат көпкө чейин кыймылсыз туруп, бир маалда тездик менен кыймылга келгенин көрүүгө болот.

Видеонун автору Бен Мансанарес белгисиз объекти боюнча интернет колдонуучулардын пикирин билгиси келген.

Бирок бир беткей жооп ала алган жок. Аны көргөндөрдүн бир бөлүгү бул НЛО эмес деген пикирин айтса, адам тааный элек планеталарда жашоо бар деген теорияны кармангандар "бул учуучу тарелка" деп ишендиришти.

Тема боюнча

Көзгө илинип-илинбей учкан НЛО. Нью-Йорктун үстүнөн тартылган видео
Белгилер:
видео, НЛО, АКШ

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ