Банкоматтан акча алган аялды тоноду делген шектүүдөн жапа чеккендер изделүүдө

Жазылуу
Окуя декабрь айынын аягында болгон, бирок шектүү жакында эле кармалды. Шаардык милиция шектүүнүн курмандыгы болгон башка жарандарды издөөдө.

Бишкекте банкоматтан акча алып, үйүнө бара жаткан аялды тоноп кетишти.

Окуя декабрь айынын аягында болгон, бирок шектүү жакында эле кармалды. Ал эми шылуун банкоматтан жаңы эле акча алган аялдын артынан аңдып келе жаткан. Уурунун аялдын акчасын тартып алган учурунун видеосун Октябрь райондук милициясы жарыялады.

Работа Сбербанка - Sputnik Кыргызстан
Сак болуңуз! Банкоматка байланыштуу алдамчылыктын жаңы ыкмасы чыкты
Жабырлануучунун арызындагы маалыматка караганда, 20-декабрь күнү саат 15.00дө ал Тунгуч кичи районундагы көп кабаттуу үйгө кирип бара жаткан жеринен бейтааныш адам колундагы баштыкты жулуп кеткен.

Анын ичинде Samsung үлгүсүндөгү эки телефон, ID-паспорт жана 15 миң сом салынган капчык болгон.

Жабырлануучу 30 миң сомдук материалдык чыгым тартканы аныкталып, факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Милиция жабырлануучу соода борбордо өз эсебинен акча алып жатканда аны аңдып турган деп 20 жаштагы баланы шектүү катары кармады.

Жигит шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бирок соттун чечими менен үй камагына чыгарылды.

Шаардык милиция шектүүнүн курмандыгы болгон жарандарды 0(551)10-21-80 0(708) 92-30-27 жана 102 телефондору аркылуу кабарлап коюусун өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0