06:01 28 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0201
  • RUB1.1205
Видео

Иранда кыйраган учак. Ракеталардын учуп чыгып бутага тийген учуру видеодо

Кыскача шилтеме алуу
Иранда кулаган Украинанын учагы (20)
786 0 0
© Видео / New York Times

Маалыматта камералар 30 секундалык айырма менен учуп чыккан эки ракетанын Украинанын учагына тийип жатканын каттап калганы айтылат.

Видеону New York Times гезити жарыялады. Басылманын маалыматына караганда, аталган кадрларды Ирандын интернет колдонуучусу 14-январга караган түнү чыгарган. Биринин артынан бири кое берилген ракеталардын соккусунан кийин учак күйө баштаган.

Видеого Ирандын бийлиги эч кандай түшүндүрмө бере элек. Бирок Fars агенттигине таянуу менен Reuters Ислам революциясын колдоочулар корпусу видеону чыгарган адамды кармап кеткенин жазып чыкты.

Каргашанын чоо-жайы

Белгилей кетсек, каргаша 8-январь күнү эртең менен болгон. Тегерандан Киевге багыт алган Украинанын учагы абага көтөрүлөрү менен кулап түшкөн. Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн бири да аман калган эмес.

Ишемби күнү Ирандын аскерий адамдары каргашанын жоопкерчилигин мойнуна алышты. Иран тараптын айтымында, аба кемеси аскер объектисинин жанынан учуп бараткандыктан "АКШнын учагы" катары атып түшүрүлгөн.

Украина президенти Владимир Зеленский Тегерандан расмий кечирим суроосун, күнөөлүүлөрдүн жазаланышын жана компенсация төлөп беришин күтүп жатканын айтты.

Тема:
Иранда кулаган Украинанын учагы (20)

Тема боюнча

Мен өрттөнсөм болмок! Иран генералы Украинанын кыйраган учагы үчүн кечирим сурады
Иран Украинанын учагын кандайча атып алганын түшүндүрдү
Белгилер:
камера, ракета, Украина, Иран, учак

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ