21:13 27 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.1275
  • EUR95.8035
  • RUB1.0611
Видео

Айсулуу Тыныбекова жөнүндө тартылган даректүү тасманын трейлери чыкты

Кыскача шилтеме алуу
524 0 0

YouTube видео хостингине америкалык Рейчел Сайндын Айсулуу Тыныбекова жөнүндө тарткан даректүү тасмасынын трейлери жарыяланды.

Автобиографиялык тасма "Шамалга каршы" деп аталат. Анда Айсулуу Тыныбекованын алтын медаль үчүн күрөшкөн жолу баяндалган.

Балбан кыз Казакстанда өткөн дүйнө чемпионатында болгариялык каршылашы Тайбе Юсейнди 5:3 эсебинде жеңип, алтын уткан. Ал спорт дүйнөсүндө чоң жетишкендикке жеткен Кыргызстандын тарыхындагы биринчи балбан.

"Бул тасма элди таңдантат, себеби мааниси абдан терең. Анын чемпион экенин айтып коюу оңой, бирок ушул орунга жетүү үчүн кандай жолду басып өткөнүн элестетүү кыйын. Анын тарых баяны адамды шыктандырып, дем берет. Бул тасманы ар бириңиздер менен бөлүшүүгө шашып жатам", — деп тасманын жаратуучусу жергиликтүү ЖМКлардын бирине айтты.

Даректүү тасма 2018-жылы тартылган.

 

Тема боюнча

Олимпиада: кыргызстандык спортчулардын мелдешке чыгар күнү белгилүү болду
Белгилер:
даректүү тасма, Айсулуу Тыныбекова, Кыргызстан

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ