Укмуш го! Чырмалышкан жиптерден секирген кытайлык баланын видеосу

Жазылуу
Кытайда окуучулар укмуштуудай трюкту тартуулады. Ондогон окуучулар чырмалышкан жиптерди айлантып, ортодогу бир баланы андан секиртишкен.

Видео Сюйчжоу шаарында тартылган. Трюкту башталгыч класстын окуучуларын жасады.

Кадрлардан көрүнүп тургандай, балдар тегерете туруп алып узун скакалкаларды бир убакта айлантканда, ортодо турган окуучу андан тез-тез секирген.

Интернет колдонуучулар таң калганын жазышкан. Айрымдар бул кооптуу трюк экендигин белгилешкен.

"Бул балким Гиннестин рекорддор китебине кирет", — деген Flip Side.

"Секирип жатып ката кетиргендер түз эле ооруканага барат го. Скакалка Майк Тайсондун (атактуу боксчу) соккусуна караганда катуу тиет", — деп жазган Nickname 42.

Ал эми Pas de Probleme аттуу колдонуучу "Кытайдын жаңы стилдеги өндүрүшү" деп тамашалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0