Путин: WADA чечими Олимпиада хартиясына каршы келет. Видео

Жазылуу
Россия президенти Владимир Путин Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин (WADA) чечими тууралуу оюн билдирип, соттук териштирүүлөр болорун айтты.

Президент жамаатты жалпы жазалоо чечиминин өзөгүндө дүйнөлүк спорттун тазалыгы үчүн кам көрүү эмес, "саясий мүнөзү бар, спорт менен олимпиада кыймылына эч тиешеси жок" кадам жатарын белгиледи.

"Россиянын олимпиада боюнча улуттук комитетине доомат жок, эгерде доомат болбосо, демек, Россия өзүнүн желеги менен чыгышы керек. Олимпиада хартиясында ушундай жазылган. Андыктан аталган чечимдин дал ушул бөлүгү Олимпиадалык хартияга каршы келет. Мындан улам биздин спорттук арбитражга, сотко берүүгө толук укугубуз бар", — деген Путин.

Белгилей кетсек, дүйшөмбү күнү эртең менен WADA көз карандысыз комитеттин сунушун кабыл алып, россиялык спортчуларды төрт жылга бардык эл аралык мелдештерден, ошондой эле Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынан четтетти. Эми спорттук иш-чараларга "таптаза" спортчулар нейтралдык макам менен гана катыша алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0