"Манас" аэропортунун каттоодон өткөндөн кийинки күтүү залы оңдолду. Видео

Жазылуу
"Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы аба майдандын жүргүнчүлөр учак күтүп отура турчу аймагынын оңдолгондон кийинки видеосун жарыялады.

Аталган жай 5-декабрда ачылды. Аэропорттун башкаруучулугунун төрагасы Мурат Примбердиевдин айтымында, эми каттоодон өтүп учак күтүп отурган жүргүнчүлөр бул жердеги Duty Free дүкөндөрүнөн, кафелерден, ымыркайлар үчүн даярдалган атайын жайлардан ыңгайлуу түрдө колдоно алат.

Оңдолгонго чейин учак күтүп турган жердеги айрым жайлар аэропорттун кызматкерлеринин кеңселери катары колдонулуп келген.

Бардык оңдоо иштери аэропорттун каражатына жасалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0