Ичинде балдар отурган автоунаанын сууга кулаган видеосу. Петербургдагы окуя

Жазылуу
Кайгуул кызматкерлери жүрүп кеткенден кийин эркек киши кайтып келип автокөлүккө отурган. Унаанын ичинде эркек киши, беш айлык жана тогуз жашар бала болгон.

Байкоо үчүн орнотулган видеокамера көпүрөнүн жанында токтоп турган, ичинде кичинекей балдар бар автоунаанын сууга түшүп кеткенин жазып калган. Бул маалыматты РИА Новости таратты.

Видеону "Вконтакте" социалдык тармагына жарыялашкан.

Окуя Петербург шаарындагы Фонтанка дарыясында болгон.

Последствия урагана Ирма - Sputnik Кыргызстан
"Манас" аэропортунун жолунда автоунаа ала салып, трассадан чыгып кетти. Сүрөт
Кадрдан токтоп турган автоунаанын жанында автоинспектор айдоочу менен сүйлөшүп турганын көрүүгө болот. Кайгуул кызматкерлери жүрүп кеткенден кийин эркек киши кайтып келип автокөлүккө отурат. Бир нече ирмемден кийин анын алдыга көздөй акырып жылып барып, көпүрөдөн сууга кулаганын көрүүгө болот.

Буга чейин тараган маалыматтарда ичинде эркек киши, беш айлык жана тогуз жашар бала бар автоунаанын дарыяга кирип кеткени айтылган. Аларды суудан ошол жерден өтүп бара жаткан эки киши тирүү алып чыкканга жетишкен. Тез жардамдын дарыгерлери жабырлануучуларды текшергенден кийин ооруканага жеткирген. Ал эми автоунааны өрт өчүрүүчүлөрдүн краны менен алып чыгышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен адам өмүрүн сактап калган эки кишинин сыйлыкка көрсөтүлгөндүгүн айтышкан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0