13:55 12 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8426
  • EUR77.0294
  • RUB1.0928
Видео

Кыргызстандык "калькулятор бала" Россиядагы шоуда элдин оозун ачырды. Видео

Кыскача шилтеме алуу
1291510

Математиканы семичкедей чаккан Арсен Рахымбеков 12 жашта. Ал өзгөчө таланты менен "Удивительные люди" шоусуна катышып, жекшембиде кечинде "Россия 1" телеканалынан көрсөтүлдү.

Кыргызстандык тестиер төрт, беш орундуу сандарды көбөйтүп жана башка татаал эсептерди заматта чыгарып коюп жатты. Аны менен жарышуу үчүн Россиянын жогорку окуу жайларынын биринде физика-математика жаатында билим алып жаткан  3-курстун студенттери чакырылган. Бирок Арсен эсепти чоңдордон биринчи чыгарып, жада калса студенттер тапшырманы көчүрүп жаза электе жыйынтыгын айта салып жатты. Калыстар баш болуп отурган залдагы көрүүчүлөр таң калганын жашырган жок.

Рахымбеков Бишкекте чоңойгон, анын ылакап аты "Калкульятор бала" экенин айтышты. Иниси менен эки жыл мурда менталдык арифметикага барып окуганын айтты. Буга чейин Дүйнөлүк олимпиадага катышканын, ал эми жакында эле Ысык-Көлдө өткөн сынакта биринчи орунду ээлегенин билдирди.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

Атам мага ишенген эмес! Галкинди таң калтырган Албанали төгүлүп-чачылып маек берди
Белгилер:
шоу, Россия

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ