09:46 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Видео

Тергөө абагы мыйзамды одоно бузган! Жактоочу Исаковдун абалы тууралуу. Видео

Кыскача шилтеме алуу
4685 0 0
© Sputnik / Эламан Карымшаков

Исаковдун абалы тууралуу кабарды жактоочусу ЖМКлардан уккан.

УКМКнын тергөө абагынын администрациясы мыйзамды одоно бузган. Бул тууралуу мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Эске салсак, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков "омуртка артериясынын симптому" деген диагноз менен ооруканага жаткырылган.

Жоошевдин айтымында, Исаковдун абалы тууралуу маалыматты ал ЖМКлардан уккан.

"Мурдагы өкмөт башчы кризистик инсульт болгонунан эртең менен эле ооруканага алып чыгып кетишкен экен. Ал боюнча кабарды биз ЖМКлардан уктук. Тергөө абагынын администрациясы мыйзамды одоно бузган. Мындай учурда эң биринчи бизди кабардар кылышы керек эле. Азыр Исаковду ооруканага кирип көрүп чыктык. Абалы канааттандырарлык, колу-буту кыймылдап, сүйлөп жатат. УКМК кызматкерлери жубайын киргизбей коюшту", — деди Жоошев.

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Экс-премьер-министр УКМКнын убактылуу тергөө абагында болчу.

Исаков 2018-жылы 5-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынган. Ал "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда. Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланганы айтылууда.

Тема боюнча

Сапар Исаковдун эмнеси жабыркап ооруканага түшкөнү айтылды
Ооруканага Сапар Исаковду көргөнү жубайы келди. Сүрөт
Белгилер:
жактоочу, оорукана, Сапар Исаков

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ