23:25 16 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Видео

Таласта майыптардан пара алып жүргөн дарыгерлер кармалды. Видео

Кыскача шилтеме алуу
42901
© Видео / пресс-служба ГСБЭП

Талас облусундагы Медициналык социалдык-эксперттик комиссиянын төрагасы менен дарыгерлери майыптардан акча талап кылып келгени аныкталды.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан кабарлашкандай, дарыгерлер жөлөк пул алуу үчүн маалым кат ала турчулардан акча талап кылып келишкен. Аталган факты боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

31-июлда Медициналык социалдык-эксперттик комиссиянын жыйындар залында мекеменин төрагасы менен дарыгер-эксперти пара алып жаткан жеринен кармалган.

"Алар кызмат абалынан пайдаланып, майыптыгы тууралуу маалым кат алам деп кайрылгандардан акча талап кылып келишкен", — деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр 1-августта кармалып, облустук милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Тема боюнча

Күйөөм каза таап, уулум жоголду. Үйүн банк тартып алган эненин күйүтү видеодо
Сындан башы чыкпай... Пара менен кармалган Рустамовдун алешем иштери
Белгилер:
милиция, майып, видео, пара, Талас

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ