Укмуш номер болуптур! Атайдын бий тобу Кытайдагы сынакта финалга чыкты. Видео

Жазылуу
Бийчи Атай Өмүрзаков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу анын Totem Show аттуу бий тобу эл аралык World"s Got Talent шоусунда эң мыкты сегиз артисттин тизмесине киргенин жар салды.

Ал видеону Facebook баракчасына жүктөдү. Долбоорго 50 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан.

"Биз финалдык этапка даярдана баштадык. Ал 11-июлда Кытайдын Чанша шаарында өтөт", — деди Өмүрзаков.

Кыргызстандыктар жарым финалда Венгрия, Монголия, АКШ, Испания жана Ирландиядагы таланттар шоусунун жеңүүчүлөрү менен ат салышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0