11:00 16 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Видео

Аялдын ыргыткан тобу фотографка тийип... Бейсбол учурундагы күлкүлүү видео

Кыскача шилтеме алуу
218 0 0

MLB матчынын алдында (бейсбол боюнча АКШдагы лига) "Чикаго Уайт Сокс" жана "Канзас Сити Роялз" командаларынын беттешүүсүнүн башталышында көптү күлдүргөн окуя болду.

Мashable порталы бейсбол алдында командалардын биринин атактуу күйөрманын же белгилүү спортчуну чакырып, ачуу жөрөлгөсүн жасайт. Бул сапар андай жооптуу "ишти" клубдун бир ай ичинде мыкты деп аныкталган кызматкерине тапшырышкан.

Кыз топту оюнчуга ыргытышы керек эле. Керилип туруп чапкан тобу анын сол жагында бир нече метр алыстыкта турган фотографка бир тийген. Бул окуя матчты көргөнгө келгендердин эле эмес, маңдайындагы спортчунун күлкүсүн келтирген. Тийген топтон бактыга жараша, сүрөтчү да, фотоаппарат да жабыркаган эмес.

Бул видео интернетке тарап кеткенден кийин социалдык тармактын колдонуучулары ар кыл пикирлерди жазган. Алардын бир катары мындай "шедеврди" бейсболдун тарыхындагы эң жаман берилген топ деп аташкан.

Белгилер:
видео, күлкү, Чикаго, АКШ

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ