Матраимовду эч нерсе кыла албадыңар! Сурабалдиеванын Финполго жинденген видеосу

Жазылуу
Финполдун жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиев ар бир иш өзүнүн мазмунуна, кылмыш ишине жараша козголорун айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Финпол мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысына бир айда эле кылмыш ишин токуганын, бирок Матраимовдорго карата үч айдан бери эч нерсе кыла албай жатканын айтып, аталган кызматты парламенттин жалпы жыйынында сынга алды.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Момбеков: "бажа гейт" аяктай электе "бажы гейт" чыкты
Парламент бүгүнкү жыйынында "Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун экинчи окууга киргизүүнү талкуулашты.

Депутат Сурабалдиева Райым Матраимовдун мыйзамсыз баюусу боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы эмне иш кылганына кызыкты. Финполдун жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиев Матраимов боюнча үч ай мурда иликтөө башталганын айтты. Эл өкүлү айрым кишилерге бат эле кылмыш иши токулса, айрымдарына толтура далилдер турса да создуктурулуп жатканын белгиледи.

"Атамбаевдин жан сакчысына бир айда эле иш козгоп койдуңар, бул жакта (Матраимовдордун иши — ред.) үч айдан бери эч нерсе таба албай жатасыңарбы?" — деп суроо салды Сурабалдиева.

Финансы полициясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финпол Райым Матраимовдун "мыйзамсыз байыган" фактысы боюнча текшере баштады
Өз кезегинде Жамгырчиев ар бир иш өзүнүн мазмунуна, кылмыш ишине жараша козголорун айтты.

Эске салсак, "Азаттык" радиосунун журналисти Али Токтакунов "Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи" деп аталган бир тууган Матраимовдордун карааны көрүнгөн иликтөө жарыялаган. Анда бир туугандарга тийиштиги бар делген компаниялардын жана ишкерлердин миллиондоп которгон акчалары тууралуу баяндалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0