08:25 27 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.1272
  • RUB1.0811
Видео

Бишкекте жол салуу үчүн гараждар, үйлөр түрттүрүлүүдө. Асмандан тартылган видео

Кыскача шилтеме алуу
142701
© Sputnik / Эмиль Садыров

Бишкекте Түгөлбай Ата көчөсү Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин узартылууда. Бирок алгач жол түшө турчу жер курулуштардан тазаланышы керек.

Жолдун Орозбековдон Ибраимовго чейинки бөлүгү оңдолуп, андан ары Төрөкул Айтматовго чейин узартылат. Бул иштердин бардыгы Кытай грантынын эсебинен шаардын жолдорун оңдоо долбоорунун алкагында жасалууда. Бишкек мэриясынын Жерди колдонуу жана курулуш башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Иманакун уулунун айтымында, жаңы жолду салуу үчүн машина жуучу жайды, алты үйдү, беш мейманкана, бир завод жана кооперативдик үч гаражды алууга туура келет. Бул иштердин бардыгы борбор калаанын башкы планына карата аткарылат.

"Тилекке каршы, бул курулуштардын бардыгын түрттүрүүгө туура келет. Бүгүн ишти гараждардан баштадык. Кышында эле тургундарга гараж жана башка курулуштар алынарын билдиргенбиз, бирок бардыгы макул болушкан эмес. Айрымдары сотко кайрыла турганын айтышууда", — деди Иманакун уулу.

Ал ошондой эле эгер тургундардын өзүлөрүнө таандык болгон курулуштарынын керектүү бардык документтери болсо, анда мыйзамга ылайык түрттүрүлгөн объектилердин ордун акча менен толуктап берерин, же башка чаралар көрүлөрүн кошумчалады.

Түгөлбай Ата көчөсүн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин узартуу иштери кийинки жылы аяктайт деп ишендирди.

Тема боюнча

Мэрия таштанды сорттогон завод куруу үчүн тендер жарыялады
Бишкектин чок ортосундагы көпүрөнүн алды кооздоло баштады. Сүрөт
Белгилер:
имарат, жол, үй, мэрия, Бишкек

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ