Кыргызстандык Али Ван Дамм "Лучше всех" шоусуна чыкты. Видео

Жазылуу
Кара-Суу районунан барган жеткинчек буту менен турникте чимирилип, белгилүү актер Жан-Клод Ван Даммдай болуп эки унаага бутун таяп шпагатка отурган.

Кыргызстандык Мухаммед Али Хасанакунов Максим Галкиндин "Лучше всех" шоусуна катышып, өнөрүн тартуулады. Аны 21-апрель күнү Россиянын Биринчи каналы көрсөткөн. Ал эми YouTube каналына кечээ кечинде жайгаштырылган.

Участник телепередачи Первого канала Лучше всех Нурмухамед Ташмаматов - Sputnik Кыргызстан
Максим Галкиндин шоусуна катышкан 7 жаштагы Нурмухаммед тасмага тартылат
Мухаммед Али 10 жашта, Оштун Кара-Суу районунун Таширов айылынан болот. Ал Жан-Клод Ван Даммдын чыныгы күйөрманы. Жөн эле күйөрман болбой, актёрдун бардык ыкмаларын үйрөнүп алган. Өзүнүн да каймана аты "Али Ван Вамм" экенин айткан.

Мындан сырткары, ал "Лучше всех" шоусуна катышуу үчүн атайын орус тилин да үйрөнгөнүн белгиледи.

Ал чимирилип, турникте бир колу менен түрдүү ыкмаларды жасап таң калтырган. Соңунда эки бутун жүк ташуучу унааларга таяп Ван Дамм сыяктуу шпагатка отурган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги мындан эки жыл мурун Мухаммед Али Хасанакуновдун өнөрү тууралуу материал даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0